Бишкектеги Ак-Тилек конушунда көчөлөрдү жарыктандыруу иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анда аталган конушка 48 жаңы диоддук лампалар орнотулганы айтылат.
"Жаңы орнотулган диоддук лампалар эски жарыктандыруу системине караганда сапаттуу жана көп убакыт иштеп, аз энергия сарптайт. Мындан тышкары, борбордук көчөлөрдүн да чырактары алмаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаар тургундарынын көчөсүндө жарык берүүчү лампалар иштебей калса, авариялык-диспетчердик кызматка байланышса болорун эскертет.
Диспетчердик кызматтын байланыш телефондору: (0312) 46-30-89; 57-63-51, мындан тышкары WhatsApp номуру аркылуу дагы билдирүү жөнөтсө болот: 0777 902-115; 0702 805-756