Шаардын санитардык-экологиялык инспекциясы райондук акимиат менен биргеликте борбор калаадагы санитардык нормаларды сактабаган жеке жактарга жана чарбалык субъектилерге карата рейд жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Анын жыйынтыгында 46 протокол түзүлүп, тартип бузуучуларга салынган айып пулдардын жалпы суммасы 423 миң 500 сомду түздү.
"Тартип бузуулардын кодексине ылайык, өздөрүнө тиешелүү аймакка таштанды ыргыткан жарандарга айып пул салынат. Алсак "Оомат", "Толман Строй" аттуу курулуш компанияларына тегерек-четине таштанды ыргытып, тазалыктын нормаларын сактабагандыгы үчүн протокол түзүлдү. Мындан тышкары "Байэль" , "Байчечекей" дүкөндөрүнө 17 миң сомдук протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан шаардын жалпы көрүнүшүн бузуп, айлана-чөйрөнү тазалыкта кармабай жаткан учурларга күбө болсо, төмөндөгү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюну суранат.
Мэриянын санитардык-экологиялык патруль номуру: 0(312) 65 81 59; 0 558 588 840.
Биринчи Май району боюнча: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 707 373 373;
Ленин району: 0500 210 470.