Жогорку Кеңеште 15ке жакын депутаттын катышуусунда жыйын уланууда. Саат 11:20га чейин танапис жарыяланган. Андан кийин жыйынга 15ке жакын депутат келген. Ал эми катталгандардын саны 65 депутат деп турат.
Учурда "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.