Депутат Руслан Казакбаев жумушсуздарга жөлөк пул үчүн бөлүнгөн каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов 123 жумушсуз жарандарга 300 сомдон жөлөк пул бериле турганын айтты. Ал билдиргендей, бул үчүн жылына 5 миллион сом бөлүнөт. Казакбаев мындай болбой турганына токтолду. “Бул каражатты пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берүү керек. Ден соолугу бекем адамдарга 300 сомдон төлөгөн туура эмес”, - деди Казакбаев.