Биз социалдык тармакта

3 миң сом айып салынды. Борбор калаанын сейил бактарында жүргөн жылкылардын ээси табылды

Бишкектеги "Ата-Түрк", "Ынтымак" сейил бактарында оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылып, айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин жылкылардын тобу борбор калаанын ар кайсы районунда жайылып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар интернет колдонуучулар тарабынан айтылып келген.

"Шаардык сейил бактар башкармалыгынын кызматкерлери "Ата-Түрк" багында жайылып жүргөн жылкыларды бүгүн, 29-январда эртең менен кармашып, санитардык-экологиялык инспекциясына кайрылышты. Кийинчерээк жылкылар Чоң-Таш айылындагы тургунга таандык экени аныкталды. Бул боюнча протокол түзүлүп, малдын ээси 3 миң сом айыпка жыгылды", - деп билдирет мекеменин маалымат катчысы.

Учурда жылкылар жашыл зонага кандай зыян келтиргени текшерилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Alinur96kg
2020-01-29 23:46:43
Жылкылар эч нерсе эмес ашып кетсе он чакты экен.Ак уйдо 120 кой журот ко ар жерди кемирип жешип.
+17
turaliev
2020-01-30 12:18:04
Alinur96kg,ваха ха
0
Avrora2017
2020-01-29 23:59:15
Emi jylkylardy sottoshotpu zyan keltirgen dep hozyain olchoitup shtraf toloitko bechara jailloodo jurgondoi ele jurushupturda
+1
Aimani
2020-01-30 00:20:21
Кандай зыян келтирмек эле. Чычып кетишти да. Жеп кете турган чөп чар жок. Бак дарактар жашыл болсо бир жөн.
+3
bond02
2020-01-30 01:20:44
Ошол 3 минди силер бербейсинерби, 3 минге тоют ал да кочого чыгарба деп.
-1
Suior85
2020-01-30 01:26:47
тоо десе бээ дейсинер кенебес калкпыз чындыгында
+1
TalaCSKA
2020-01-30 01:49:57
Жылкылар жашыл зонага зыян алып келбейт наоборот удобрения сеп кетет)) ошол Ата Турк сейил багына зыян алып келген чоон чоон особняктар бар штрафты мына ошолорго койгула, бузуп туруп строй материалдарын ээсине берип миллиондогон штрафты ээлерие койгула!
+2
Patoshik1
2020-01-30 02:53:16
200000 штраф салыш керек!!! И точка!!!
-1
Bekturbek
2020-01-30 11:26:04
Ушул жерде комент жазгандар эки жүздү адамга окшойсуңар!
0
bond0202
2020-01-30 13:27:44
зыян тийгизбейт деп баарыбыз койо берели анда малды коомдук жайларга.жоопкерчилик,тартип деген да керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан