Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бирдиктүү депозиттик эсепке 67 миллион 644 миң 674 сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыянды төлөө жана ордун толтуруунун эсебинен келген каражаттар финансы министрлигинин бирдиктүү депозиттик эсебине түшөрү айтылат.
Маалым болгондой, мамлекеттин коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 371 миллион 291 миң 36 сомду түздү.