Биз социалдык тармакта

Бишкектеги коомдук транспорттор дезинфекцияланат

Бишкекте сасык тумоо жана ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) ооруларын алдын алуу максатында коомдук транспорттор дезинфекцияланат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, ОРВИнин белгилери байкалган, дене табы бар айдоочулар медициналык кароодон өткөндөн кийин гана жумушка чыга алышат.

"Транспрот каражаттарын күндө иш убактысы аяктаганга чейин курамында хлор бар каражат менен жууп туруу тапшырылды. Микробдорго каршы каражаттар менен автобустардын, троллейбустардын, маршруткалардын кармагычтары, айдоочунун рулу, эшик жана башкалар тазаланат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жүк ташыган фирмаларга, маршруттук каттамдарды ишке ашырып жаткан ишканаларга дагы транспорт каражаттарын тазалап туруу керектигин түшүндүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Paol
2020-01-31 05:29:42
Да вы что??!! давнооо надо было
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан