Биз социалдык тармакта

Токмок шаардык соту соттун өкүмү жок 11 жылдан бери абакта жаткан аялды сот залынан бошотту

Токмокто кылмыш ишинин материалдары жоголуп кетип, аялдардын абагында 11 жылдан бери жазасын өтөп жаткан аял сот залынан кечээ, 30-январда бошотулду. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аял 2008-жылдан бери абакта жазасын өтөп жаткан.

"Кечээ акыйкатчынын кеңсесине Э.К. аттуу аял телефон чалып, анын кайрылуусун мыйзам чегинде акыйкат кароого көмөктөшкөндүгү үчүн институттун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Аны кечээ, 30-январда Токмок шаардык соту сот залынан бошотту. Ал эми анын тийиштүү документтерин жоготуп жиберген тийиштүү жактарга Чүй облусунун УКМК башкармалыгынын тергөө бөлүмү сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Токмок шаардык соту 2008-жылдын 14-июнунда Э.К. аттуу аялды күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чүй облустук соту 2008-жылдын 9-сентябрында бул чыккан чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жаза өтөп жаткан аялдын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин аныктаган эч кандай соттун чечими болгон эмес. Соттолуучу бир нече ирет жазык ишин издөө боюнча кайрылганда, Токмок шаардык прокуратурасы аталган жазык иши Чүй облустук прокуратурасынын архивинде деп жооп берген. Андан кийин Токмок шаардык сотуна жөнөтүлгөн деп билдирген. Бул маалыматты кайра ал тактаганда, Чүй облустук прокуратурасында бул иш жок экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alinur96kg
2020-01-31 19:45:59
Ким камаса ошолорду сотко берип компенсация толотуп алгыла.
+10
katerina.li
2020-01-31 20:12:25
Жон эле он бир жыл жатыптырда. Кудай сактай гооор
+6
talaa11
2020-01-31 21:51:15
Жон эле онбир жыл камаганы учун компенцасия толош керек кайран гулдой болгон онбир жыл абакта отту
+7
jalguzum
2020-02-01 00:19:42
Эмнеге шектелип кармалган экен толугураак маалымат беринизчи? 25жылга кесилген болсо оор кылмышко сыягы
+4
Avrora2017
2020-02-01 13:17:18
jalguzum, oshoda emne sebepten kamashkanyn jazbaptyr 25 jyl Jon ele berishpese kerek
0
moskyrsat
2020-02-01 14:50:15
Бизде баары акчада, таштайсын жашайсында. Жондон жон жоголбойтда ортого акча аралашкан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан