Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкү коркунучу келип чыккандыгына байланыштуу, 26-январдан 31-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган аралыкта жалпы 100 даана снаряд атылып, көлөмү 467 430 метр куб кар көчкү түшкөн. 31-январь күнү кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш-чарасы аяктады", - деп жазылат маалыматта.