Акыркы 14 күн ичинде Кытайга барып келген жарандарга АКШга кирүүгө тыюу салынды

АКШ коронавирустун күч алганына байланыштуу акыркы 14 күн ичинде Кытайга барып келген өзүнүн жарандарына жана чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу батыш маалымат каражаттары АКШнын Коопсуздук кызматына таянуу менен жазып чыгышты.

АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөнүн 7 аэропорту Кытай багытындагы рейстерди кабыл алып, жарандарды күчөтүлгөн тартипте тосуп алышат. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Хубэй провинциясында болгон АКШнын жарандары милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүп, 14 күн карантинде кармалат.

Мындан тышкары, жогорудагы чектөө АКШда туугандары, тааныштары бар жарандарга жана учкучтарга карата колдонулары маалымдалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан