Биз социалдык тармакта

Курбанбек Халмурат уулу өткөн жылдын октябрь айынан бери изделүүдө

Чүйдүн Сокулук районунан 1991-жылы туулган Курбанбек Халмурат уулу дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 3-октябрь күнү Сокулук районундагы Киров көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 166 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара кыска. Психикалык жактан ооруйт.

Кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү жынсы шым, көк түстөгү жынсы күрмө, кара түстөгү бут кийим.

Сүрөттөгү жаранды көргөн жана билгендер болсо төмөнкү телефон номерине чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 60-75-67; 0 709 35-35-29; 0558 86-14-86 .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан