Биз социалдык тармакта

Айдоочуларга эскертүү! Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

Мамлекеттик каттоо кызматы убактылуу айдоочулук күбөлүктү колдонуу мөөнөтү февраль айында бүтөрүн эскертет. Мындан улам аталган мекеме айдоочуларга эскертүү берип, убактылуу күбөлүктү 15-февралга чейин алмаштырууну айтат.

"Убактылуу айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын 10-июлунан тартып бериле баштаган. Анын мөөнөтү аяктап жатат. Убактылуу айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн жашаган аймактагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылса болот", - дешти маалымат кызматынан.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу: Чокан Валиханов көчөсү, 2. Ал эми даяр болгон айдоочулук күбөлүктөр №4 Калкты тейлөө борборунан (Ауэзов көчөсү, 1/5) берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2020-02-04 21:06:22
Супер ушул жаны айдоочулук күбөлүктүн бааларын жазып койгулачы билсенер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан