Биз социалдык тармакта

Орусиялык сайтта сатылып жаткан кыргыз паспорттору. ИИМдин өкүлчүлүгү бул ишти колго алды

Орусиялык сайттардын биринде кыргыз паспорттору 15 миң рублга сатылып жатканы айтылган. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы бул маселе боюнча Орусияга расмий кат менен кайрыла турганын маалымдаган.

Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү сатылып жаткан жасалма паспорттор боюнча тийиштүү чараларды көрөт. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жасалма документтерди айрымдары материалдык жеңилдиктерди алыш үчүн, айрымдары милдеттерден качуу максатында алышат. 2019-жылы ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Орусиянын укук коргоочулары менен биргеликте жасалма документ жасаган бир нече фактыларды аныкташкан.

Биздин өкүлчүлүк менен Орусиянын көзөмөл комитети жарандарга жасалма паспортторду сунуштаган сайттарды аныктап, алардын ишмердүүлүгүн токтотот. Буга чейин аймактык сот "PRAVABZ" сайтына интернетке кирүүгө чектөө киргизген. Бул сайт Орусиянын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөнгө тыюу салынган сайттардын катарына мыйзамдуу (Домендик даректердин бирдиктүү реестри) түрдө кирген. Бирок шылуундар домендик даректерди алмаштырып алып, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.

Ал эми биометрикалык ID-карталар Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылы берилип баштаган. Андан бери Орусиянын аймагында жасалма биометрикалык паспорт колдонгондор аныктала элек. Учурда эки өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери жасалма паспортторду даярдаган жарандарды аныктоо максатында ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирет маалымат катчы.

Эгерде жасалма документтерди сатып же мыйзамсыз иш менен алектенип жаткандар тууралуу маалымат билгендер болсо, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө маалымат берип коюну өтүнөт.

Байланыш номерлери: +7 (926) 890-87-00. Анонимдүүлүк сакталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alimbek1000
2020-02-04 17:52:25
Паспорт бизнесинин башында турган Шайыкованы жакшылап текшерууго алыш керек. Бул ачкоз адамдар акчанын айынан Кыргызстанды шерменде кылып бутушту.
+10
Alimbek1000
2020-02-04 17:52:45
Биздин паспорт көчөдө калыптырбы? ИИМ тез чара көрүшүңөр керек.
+9
chake
2020-02-04 17:54:21
Алкаш менен Сарпашев паспортун да бачагын чыгарып кеткен ушул нерсенин айынан америка да виза берүүсүнө чектөө койду
+7
Absamat-90
2020-02-04 17:56:18
Улуту деген графаны алдырып салганы бекеринен эмес экен да , корсо бизнес жасоо максаты болгон экен.
+12
Jaznura
2020-02-04 17:56:19
Муну Орусиянын деле жоопкерчиликтүү органы колго алууга тийиш.
+3
JaneEr
2020-02-04 20:23:46
Жерди саттынар,паспортту саттынар.Сат сат сат.Эми элди вирус келсе Кытайга сатасынар бул кетиште.Анан качасынар окмоттогулор чет олкого чонтоктогу миллиондор менен виллага.
+2
Jasa
2020-02-05 03:32:01
Азыр деле адикарта жасап атбайбы,тааныш озбечка аял депорт болгон экен бирок чыкбай адикарт жасатып эле иштеп тороп деле алды,
+2
nelli
2020-02-05 03:49:10
Кыргыздар оздору сатышат го ар кайсы сайттарга реклама беришип.
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-02-05 09:44:34
Казанский вокзалда оногулар Бир саатта жасап койушат даже РФ паспортун жасап салышат!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан