Биз социалдык тармакта

Өкмөт: "Манастын" аэропорттук инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт"

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын аэропорттук инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биздин географиялык абалыбызды эске алганда, «Манас» аэропорту эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөткөн жана Түштүк-Чыгыш Азияны жана Европаны байланыштырган аймактык транзиттик карго-борборго айланышы керек.

2018-2022-жылдарга карата өкмөттүн программасында «Манас», «Ош», «Тамчы» аэропортторун модернизациялоону жана жаңылоону аяктоо каралган. Анын натыйжасында эл аралык жана ички аба каттамдарынын, чакан авиациянын саны өсүп, эл аралык транзиттин ролу артат.

Белгилей кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту ААКнын аэропорттук инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт. Долбоор ишке ашырылса, бардык жаңы инфраструктура жана жабдуулар мамлекеттин карамагына өткөрүп берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-02-04 20:32:45
Башка бирөөгө откорбой эле койгула ач кулактан тынч кулак кыргызга мындан артык катын кайда дегендей тынч эле өнүкпөсөк да тынч эле бири бирибиздин немебизди чукулап отура берели
+1
chake
2020-02-04 20:33:23
бербей эле койгула туура кыласынар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан