Биз социалдык тармакта

Былтыр 103 миллиард сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлдү

2019-жылдын январь-декабрь айларында 103 миллиард 9 миллион суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,5 пайызды түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын отчёттук мезгилинде бардык категориядагы чарбалык субъекттер 413,5 миң тонна эт өндүргөн, бул өткөн жылга караганда 2,5 пайыз көп.

"Республикада эт өндүрүүнүн көбөйүүсү мал башынын жана үй канаттууларынын санынын өсүшүнүн эсебинен жүрүүдө. Ири мүйүздүү малдын башы өткөн жылга караганда 51 862 башка көбөйүп, кой-эчки - 90 174 баш, жылкы - 17 355 жана үй канаттуулары 99 279 башка жеткен. 2019-жылдын январь-декабрында республикада 1 627,8 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга караганда 2,4 пайызга көп. Сүт өндүрүүнүн өсүшү өткөн жылга караганда уйдун башы 22 800 башка көбөйгөнүнө байланыштуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2020-02-05 05:04:55
Каяктан алынган маалыматтар бул?
+3
chake
2020-02-05 10:17:39
бар болгону жакшы жоктон кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан