Социалдык тармактарда УКМКнын басма сөз кызматынын атынан бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат тарады. Анда 2020-жылдын 3-февралынан тарта байланыш тармагына жаңы эрежелер кирип жаткандыгы тууралуу айтылган.
Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын бүгүн, 5-февралда аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"УКМК бул маалыматты "фейк" катары баалайт. Буга байланыштуу жогорудагы маалыматтарды тараткандарды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
УКМК жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартуу каралгандыгын эскертет.
