Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн мектептеринин 99 пайызы интернетке кошулган

2019-жылдын аягына карата өлкө аймагында 2 118 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп же билим берүү мекемелеринин 99 пайызы интернетке кошулган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы бул көрсөткүч 67 пайыз болгон.

Мектептер үчүн негизги предметтердин пакети аркылуу бүтүрүүчүгө талаптарды түзгөн Базалык окуу планын түзүүгө жаңыча мамиле кылуу иштелип чыкты. Бул өзгөрүүлөр чет тилдер боюнча сааттарды көбөйтүүгө, 5-класстан баштап информатика сабагын киргизүүгө, мамлекеттик тилди окутуу ыкмасын өзгөртүүгө, табигый-илимий цикл сабактарын күчтөндүрүүгө тийиштүү.

Ошондой эле былтыркы жылы 5-6-класстын окуучулары жаңыча окуу программаларын жана окутуу-усулдук комплекстерди колдонуу менен жаңы сабактарды окушту. Кийинки жылдары 7-9-класстардын окуучуларын, андан кийин 10-11-класстардын окуучуларын жаңы стандарттар боюнча окутуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baiazat
2020-02-06 11:56:32
бир пайызы биздин айылдагы мектеппи
0
Mister-X
2020-02-06 14:03:19
Коп эле айылдагы мектептерде интернет жок.Кайдагы цифраларды алып жатат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан