Биз социалдык тармакта

Оштогу тез тамактануучу жайдын дубалына коюлган китептер элдин нааразычылыгын жаратууда

Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү "Мерилин" тез татым ашканасынын дубалы нааразычылыкты жаратууда. Жазуучу Зинакан Пасанова социалдык тармактагы баракчасына "Шумдук! Классиктер тез татым ашканасына дубал болуптур!" деген билдирүүсүн калтырды. Билдирүүгө бир нече сүрөттөр дагы тиркелген.

Анда ашкананын ички дубалы үчүн кирпич же дагы башка курулуш каражаты эмес, китептер колдонулганын көрүүгө болот. Китептердин арасында белгилүү кыргыз жазуучуларынын дагы китептери бар.

Ал эми билдирүүнүн автору: "Чыңгыз Айтматовдун 6 китеби, Касымалы Жантөшовдун 2 "Каныбек" романы, Түгөлбай Сыдыкбековдун китеби жана башка дүйнөлүк шедеврлер тез татым ашканасына дубал болуптур! Китепти кордогон бул кандай маңкурттук! Ошол кордолгон китептерди карап турган элдин тамагынан кантип тамак өтөт? Буга ким чара көрөт?!", - деп жазган.

Билдирүүнүн алдына комментарий калтыргандардын дээрлик баары мыйзам чегинде жоопко тартылышы керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aerforce
2020-02-06 14:17:32
Ээси озбек эмес бекен?
+10
JaneEr
2020-02-06 14:45:38
Сарттар кутурду Ошто дагы.
+7
rysik79
2020-02-06 15:02:36
Тушунуктун жоктугу.
+5
Wibee
2020-02-06 15:45:26
Маңкурттар көпта Кыргызстанда.
+4
Azkoni
2020-02-06 15:57:26
Мукурап калган неме экен да ээси.Не деген китептер!Айылда менин кызым окуганга китеп таппай журот.
+7
ulan030484
2020-02-06 16:05:57
Жиндилер. Китеп омурундо окубаган адамдын гана колунан келет мындай иш
+4
bond02
2020-02-06 16:20:27
Жакшы дагы сиз байкап калыпсыз, азыркылар дубалды карабайт, телефон карап отуруп тамактанышат.
+5
Agayu
2020-02-06 16:25:34
Бул эмне деген жорук ? Кытайларды жаман деп Кытайлар кылбаганды калабызбы?
+3
tsunse
2020-02-06 16:59:48
Мен Каныбек романынын биринчи томун окугам, экинчи томун таппай койгом. Ото кызык. Булар кор кылышыптыр китептерди.
+3
uli0404
2020-02-06 19:08:18
Балким сакташ үчүн койгондур силер кайдан билесиңер кандай максатта койгонун
0
Mamiev
2020-02-06 19:26:48
uli0404,китепти ушинтип сактайбы кызык. Бул озбектердин кылганы менин оюмча. Алар кыргыз китебин окумак беле.
+1
sarbo
2020-02-06 19:45:37
эмиии окуй турган адам жоктур,жон турганча дубалдын кызматын аткарып аткандыр,бул китептерди элдин эмес озунун акчасына сатып алгандыр,казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса,кээ бироолор таппай атам дейт,китептер кайрадан басылып чыгып сатылып атат,акчасына чыдап алып окубай атышкандыр,Зуура Сооронбаеванын Чынгыз Айтматовтун китептери 400-500сомдун тегерегинде сатылып атат,
-1
sarbo
2020-02-06 19:46:26
бул адам элдин библиотекасын ушинтип дубал кылып койсо экен,
0
SHAHDAR
2020-02-07 08:23:13
Жакында эле Нарында китепканага китеп чогултуу боюнча акция болуп жаткан. Бир жерде зар оокат, бир жерде кор оокат.
0
nazira...
2020-02-07 08:54:43
Тез татымдын ориентири кайсы жер экен. Жинди го, тооба. Озбек болсо керек да. Наборот ошол китептерди библиотекага окшоп тизип койсо сооп болмок, кирген адамдар коз жугуртуп окуп отурушмак тамагы келгенче. Жалко китептерге, китеп да оз оордунда туруш керек да, кирпич эмес го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан