Экс-президент Аскар Акаевдин агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Кемин райондук администрациясы тактады.
"Кечээ, 5-февралда Кубан Акаевдин сөөгү жерге берилди. Анын сөөгү Москва шаарынан алып келинди", - деди администрациядан.
Буга чейин социалдык тармактарда жана 24.kg сайты өз булагына таянуу менен Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болгонун жазып чыгышкан эле.