Биз социалдык тармакта

Окуучунун апасы мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя. Бүгүн алардын соту өттү

2019-жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган.

Чырды чагылдырган видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтып, SUPER.KG порталына кайрылган болчу.

Бүгүн, 6-февралда аталган окуя боюнча соттук отурум өткөнүн окуучунун апасы Шахзада Авсаматова кабарлады.

Айтымында, сот жана прокурорлор эки тарапты элдешүүгө чакырган.

"Буга чейин биринчи сот болгон. Бирок сотко Гулфиза Мамытбекова дагы, анын жактоочусу дагы келген эмес. Ал учурда бизге сот "мугалимди таап, ишти тез жапкыла" деп айткан болчу. Ал эми бүгүн, 6-февралда сот болуп, ага мугалим жактоочусу менен катышты. Сот дагы, прокуратура дагы эки тарап тең бири-бириңерди кечире турган иш деп 14-февралга чейин мөөнөт берди. Буга чейин мугалимди ооруканада дешкен, бирок бүгүн ал сотко катышты. Сот менен прокурор тынчтык келишимге келгиле дегени менен мугалим тарап акча талап кылышууда", - деди Авсаматова.

Ал эми бул боюнча Бишкек мериясынын алдындагы Билим берүү департаменти төмөнкүлөрдү айтты.

“Азыр бул иш сотто каралып жаткандыктан, биз комментарий бере албайбыз. Бул иш боюнча сот карап, жыйынтык чыгаргандан кийин гана маалымат берилет. Азыркы учурда аталган мектепте мугалим өз ордунда иштеп жатат”, - деди аталган мекемеден.

SUPER.KG порталы окуянын жүрүшүнө көз салып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munduz2016
2020-02-06 21:29:09
даа, элдешүүнү да акча чече туран коом түзүп алдык
+3
mirkaa5182
2020-02-07 00:56:03
мугалимди сыйлаш керек коомчулук андан кийин окуучулар сыйлап ,класста тынчтык орноп,татыктуу билим алышат.
+3
ika8086
2020-02-09 00:15:46
Мугалим момолуу-дарак.Мугалим акча талап кылып жатат деп арызданып коёт уялбай,туурале кылат акча талап кылып,мугалимдин кадыр баркын тушурду,укугун тебеледи каалагандай жулкулдатып жетеледи,эми жетегинде озу жетеленип журо берсин окуучунун апасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан