Биз социалдык тармакта

Эскертүү! Келерки аптада жаан-чачын жаашы күтүлүп, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргыз өлкөсүндө жакынкы күндөрдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"10-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында жана Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан