Бүгүн, 10-февраль күнү Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 сантиметрди түзөт. Буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү билдирет.
Жаралуучу тыгындардын алдын алуу үчүн бүгүн таңкы саат 07:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Чычкан" стационардык постунан тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.