"Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында Өзбек жараны медициналык бет каптарды мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга бара жаткан 2000-жылы туулган О.А. аттуу Өзбек жаранын текшерүү учурунда чек арачылар тиешелүү документи жок 300 медициналык бет капты табышкан. Кыргыз өкмөтүнүн чыгарылган токтомуна ылайык, 3-февралдан тартып жарым жыл ичинде медициналык каражат жана дары-дармекти чет жакка алып чыгууга тыюу салынган. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.