Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы айрым унаа жолдору жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"10-февраль күнү саат 08:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдоруна (Капчыгай тилкеси) 3500 метр куб кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жолдор жабылган. Кар көчкү түшкөн жерди тазалоо иштери жүрүп, саат 10:30да унаа жолдор бир тараптуу ачылган. Учурда толук тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.