Бүгүн, 10-февралда Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жолугушууга Ысык-Ата районунун имамы Бактыбек Убабеков, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жолугушуу учурунда муфтий Казакстандын Кордай аймагынан убактылуу баш паанек алуу үчүн Чүйгө, анын ичинен Ысык-Ата аймагына келген дунган элинин ал-абалы менен таанышып, аларды сабырдуулукка, улут аралык ынтымакка жана биримдикке чакырды. Андан ары Максатбек Токтомушев Кең-Булуң айылында жайгашкан гуманитардык жардам уюштурулган жайга барып, убактылуу күн кечирип жаткан кордайлыктардын абалы менен таанышты. Гуманитардык жардам берүүчү жайда негизинен элге зарыл болгон тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 7-февралда кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатак чыгып, бир катар турак үйлөр талкаланып, 11 адам каза болуп, 40тан ашуун киши жаракат алган.