Биз социалдык тармакта

Депутат күйүүчү майды фермерлерге арзан берүү жагын ойлонуп көрүү керектигин айтты

Депутат Абылкайыр Узакбаев Кыргыз мамлекети алымдардан бошотулганына карабастан, күйүүчү майдын баасы жогору болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 10-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Фермерлерге күйүүчү майды кимден сатып алса баарыбир, эң башкысы арзан болсо болду. Жол боюнда 10 сомго арзан күйүүчү майлар сатылып жатат. Ошондуктан өкмөт Мамлекеттик материалдык резерв фонду аркылуу сатып алып, аны фермерлерге арзан берүү жагын ойлонуп көрүшү керек. Ансыз дыйкандар кыйналып калат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан