Биз социалдык тармакта

Бишкекте 16 жаштагы окуучу мектепте асынган абалда табылды

Бүгүн, 11-февраль күнү №16 мектептен 16 жаштагы окуучу асынган абалда табылган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

"Бүгүн таңкы саат 5те №16 мектептин кароолчусу видео байкоо камерасынын зымына асынган өспүрүмдүн жансыз денесин тапкан. Иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя орун алган жерге тез арада билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана укук коргоочулар келишкен. Билим берүү башкармалыгынын буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.

Каза болгон өспүрүм 16 жаштагы №64 мектептин окуучусу А.А. экендиги аныкталды. Маалыматка ылайык, ал аталган мектепте 1-8-класска чейин окуп, 2019-жылы апрелде спорттук багыттагы мектепке (Теннис академиясы) которулган. 2019-2020-окуу жылын өз каалоосу жана ата-энесинин демилгеси менен №64 мектептен уланткан.

Мугалимдердин, социалдык педагогдордун айтымында, маркум абдан ачык, шайыр мүнөз, спорт менен машыккан активдүү бала болгон. 10-февраль күнү сабакка, андан кийинки иш-чарага да катышкан. Маалыматка караганда, учурда баланын ата-энеси ажырашуу алдында турган. Ата-энесинин бул кадамы анын өз жанын кыюусуна себеп болушу мүмкүн деген жагдай каралууда. Учурда Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aidinaernur
2020-02-11 21:27:39
Журок оорутат го
+5
pyeon hwa
2020-02-11 21:57:56
Охрана бир жолу текшерип койсо болмок мектептин ичин ким бар ким жок деп, Бала сабак буткондон кийин еле асынып алган окшойт( же болбосо бироо асып кетти, далдыраган охранада кептин баары
+5
senchi
2020-02-12 14:15:12
pyeon hwa,танкы саат 5те деп туратго
0
Bekturbek
2020-02-12 01:36:10
Ыйман сабагын Мектептерге киргизүү керек!!! Болбосо адамдар эмнеге жаралганын, унуп баратат! Ыйман жоктугунан, жаштар өзүнү-өзү асып өлтүрүп жатат. Өлсө эле бааржоктон кутулуп калчудай.
+17
Crokus
2020-02-12 14:49:22
Bekturbek,Адеп деген сабак барго.Мына ошол сабактан мугалимдер жеткиликтуу кылып уйротсун.Бир деме десен эле,айлык аз деп чыга келишет.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-12 10:45:34
Эси жоктун айынан башкалар зыян тартмай болду((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан