Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Борбор калаадагы көчө аталыштары тууралуу маалымат сайтка жарыяланып турат" дейт "Бишкек башкы архитектура" ишканасынан (көчөлөрдүн тизмеси)

"Шаардын бир топ көчөлөрүнүн аталыштары өзгөрүп кетиптир, даректи табууда адашып жатабыз. Көчөлөрдүн эски жана жаңы аталыштарынын тизмегин кайдан билсек болот?" деп билдирген "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман.

Бул суроо боюнча "Бишкек башкы архитектура" ишканасына байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Борбор калаадагы көчө аталыштары алмашкан же өзгөргөн учурлар көп эле кездешет. Албетте, мындай көрүнүш мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ал жөнүндө маалымат Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланат. Мындан тышкары, "Атлас Бишкек Современный" журналына жаңы көчөлөр тууралуу маалымат чыгып турат", - дейт басма сөз катчы Ринат Шамсутдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nerrazuri
2020-02-13 00:12:50
Кочолордун кесилиштеринде Кочонун аттары жазылбаган кайсы кочо менен кесилишкени. Шаардыктар билет дегилечи. Айылдан же чет жактан бироо келсе эмне бут кочого бирден кирип чыгыш керекпи? Чуй,Киев,Москова, Токтогул... кесилиштерин карап корсонор толтура мындайлар. Окмот каякты карап жооп берип атат тушунбойсун. Табличкаларга Чуйдогу коп айылдардын аталышы Англисче-Орусча жазылган. Эмне мамлекеттик тилде жазса болбойбу жэ ал айылдарда кыргыздар жашабайбы деп ойлойсун. Бул Аябай уят корунуш.
+2
biznes
2020-02-13 02:52:44
Ээй бул көчөлөрдүн жаңы аталыштарын далай жаттап калдым го. Эски кишилер чалып эски аталышын айтышат, жанысын жазабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан