Буга чейин интернет тармагына жашы 70ке таяп калган апанын видеосу тараган. Видеодо улгайган эне өзүнүн балдары менен соттошконун, сот анын үйүн өзүнө өткөрүп бергенин айткан. Мындан тышкары, ал балдарынан жана келиндеринен кордук көрүп, алар кол көтөрүп жүрүшкөнүн айткан.
Желдей тараган бул видеонун алдына ар түрдүү комментарийлер жазылып, көпчүлүк балдарына наалат айтышкан болчу. Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарына караган Тайгараев айылында айыл элинин жыйналышы өттү. Жыйналыштагы видеону журналист Жумагүл Шайыкова жарыялады.
Ага ылайык, мени өз балдарым кордоп келди деген эненин 2 уулу, 1 кызы көпчүлүккө кайрылып, абалды эки тараптуу кароого чакырган. Алар апасына кол көтөрүшпөгөнүн, апасы өзү үйдө жашаганды каалабай башка жактарга кетип калып жатканын айтып чыгышты.
SUPER.KG порталы Тайгараев айылынын башчысына байланышканыбызда маалыматтарды тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
"Бир тараптуу берилген маалыматтын айынан ал апанын балдары моралдык катуу сокку алды. Азыр бул видеону тараткан журналисттердин үстүнөн арыз жазабыз деп жүрүшөт. Апанын көзү ачыктык жайы бар, ооруларды көрөт, өзүнүн иши менен көп жерде жүрөт. Жарым жылда бир үйдө катуу чатак чыгарып турмай жайы бар дешет балдары, эми алардын ич-ара чыры сыртка чыгып кетти. Бирок журналисттер мындай маселеде кылдат болуш керек болчу. Балдар деле апасын үйүндө бакканга аракет кылышат, бирок өзү кээде ага көнбөй коёт. Бүгүн жыйналышка чакырсак келген жок, чогулган эл шаарга эне менен жолугуп, анын да пикирин укканы кетишти", - деди ал.