Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

14-февралдан 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 121-138, Ала-Бел ашуусундагы 198-265, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-115, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99, Красная -Горка-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан