Биз социалдык тармакта

"Нарында медицина кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө "чай ичирди" үчүн 200 сомдон чогултушкан". Депутаттын билдирүүсүнө министрлик жооп берди

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Аида Исмаилова Нарын облусунун медициналык кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине чай ичирди кылуу үчүн 200 сомдон чогултканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

"Качанга чейин чиновниктер үчүн дарыгер менен медайымдардан акча чогултуу уланат? Мага Нарындын медайымдары менен дарыгерлери кайрылышып, өткөн аптада алардан Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине чай бердик деп 200 сомдон чогултуп алганын айтышты. Бул маселени териштирүү керек", - деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты.

"Депутат Аида Исмаилованын Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери министрликтин комиссия мүчөлөрүнө "чай ичирди" үчүн акча чогултту деген маалыматы чындыкка жатпайт. 2020-жылдын башынан бери министрликтин комиссиялык курамынын кызматкерлери жана жетекчилери Нарын облусуна барган эмес. Нарын облусуна министрликтин кызматкерлеринин иш сапарга баруусу үчүн кадрдык бөлүмүнүн расмий өкүмү чыккан эмес. 30-январь күнү гана коронавируска байланыштуу "Торугарт" санитардык-карантин пунктунун даярдыгын көрүү үчүн министрге иш сапарга барууга буйрук чыккан. Жолдун алыстыгынан жана бир күндүк убакыт аз болгонуна байланыштуу министрдин медициналык жайларды кыдырууга жана текшерүүгө убактысы болгон эмес.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Нарын облустук жана райондук үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерин чогултуп, чогулуш өткөрдү. Чогулушта медициналык жайлардын жетекчилери жана кызматкерлери окуя тууралуу депутаттын сөзүнөн кийин билишкенин айтышты. Ошондой эле жалпы дарыгерлердин дарегине айтылган сөз алардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизерин билдиришип, депутатка маалыматты берген адамдын аты-жөнүн ачык айтууну суранышты. Медициналык кызматкерлер жамааттык чечим менен депутатка кайрылмай болушту", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
gitaris93
2020-02-13 22:08:45
Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт
Болгону үчүн айтып жатат да ким оюнан чыгарып айтсын
+8
Migrant-rf
2020-02-13 22:54:41
Бул любой тармакта бар, эгер минстрлик келе турган болсо ага чайга эмес, суточная 5 жылдыз гостиницага, эң кымбат кафе ресторанда кеткиче үч маал күчтүү тамак, бул уже саясий салт болуп калган, калп эле өтүмүштөнө бербегиле министрлер.
+12
Nestana95
2020-02-13 23:12:20
Migrant-rf,жада калса келгени учун кой союлуп атайын арнап,келген майын толошот,жалгыз эле мед.тармагы эмес,,,илим- билим баардык жактагылар((((
+6
Kyrgyz_bloger
2020-02-13 23:26:40
Жалган,калп,чындыка жатпайт,факты керек деп журуп онолбойбуз да биз качан куноонорду мойнунарга аласынар,ревизор,коммиссия келет дегенде тогулуп чачылып тосуп алып узаткан система баардык эле мам.ишканаларда бар экенин баары билет го.
+6
Islambek123
2020-02-13 23:28:37
Качан эле моюунга алчу эле,кармап алса деле танып турат.
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-14 00:11:32
Бул бардык эле тармакта бар, мурунтан бери.Ким айтып чыкса да азамат!
+6
Aimani
2020-02-14 00:13:45
"факты керек" Шефтен үйрөнүп жатышат го
+8
Alinur96kg
2020-02-14 00:25:34
Азыр козго сайып коргозуп атса деле факты керек,факты деп калганбыз.
+6
Hadyja
2020-02-14 00:26:13
Келе жаткан жумага атайын чон тема кылып,чыгаргыла,суперчилер.Министрликтин жообу мындай,ал эми элдин бизге жазгандары мындай болду деп.Кочкордо эжелерим иштейт больницада.Комиссия келтат дегенде,акча чогултуп,кой союп,курсактарын кафеде тойгузуп,колдоруна акча карматып узатышат.Министрге чындык керек болсо,комиссиянын арасына,тайный агентин жиберсин.Бут комиссия жейт,жыргап эле.Мамлекеттен болунгон атайын командировкага деген акчасын чонтокторуно салышат
+6
Rajo100
2020-02-14 00:57:24
Бул нерсе чындыгында бар, анткени биз канча чогулттук, Бишкектен келет экен дегенде канчадан чогултат экенбиз деген создор башталчу, анан чогултат элек, тамагын алып берип, жатаканасын толоп, жанына сойку кыздардан сатып алып салып бересин да мейманкананын астында кошого андыган женелердей кузотуп отурасын, тилекке каршы ушундай. буга конбосон мага окшоп жумуштан кетишин керек болот. Бул факт бардык тармакта, системада бар,
+7
madina.87
2020-02-14 03:58:42
Текшерүү келет дегенде эле дикилдеп акча чогултуп башташат го старший медсестралар.Канча жолу бердик
+3
fanatka19
2020-02-14 06:40:06
Мындай нерсени министирлик албетте билбейт,бул ошол жагалданган главрач жэ андан ойдороогу ойлоп тапкан нерсе да.
-1
guard
2020-02-14 07:28:01
Министрлик билет, беш колундай билет, себеби алар мындай жолдун далайын басып отуп, журуп отуруп ошол орунга келишкен, алар корсо да кормоксон, билсе да билмексен, бул ошолордон калган жол да, озулору мыктап уйронуп, уйротуп кетишкен!
+2
aiba_00
2020-02-14 10:30:48
Командировачный акчанын баары чонтокто калат экен да ээ ошондо.
0
munar1980
2020-02-14 14:32:54
Эмнеге эле чычалайсынар жалганбы ушундай корунуш болуп эле келген акча чогултмай деген дагы да боло берет чын акча чогулган учун кайрылып жатышпайбы Депутат да чын жалганын териштирип туруп чын болгон учун айтып жаткандыр
+1
arimaz89
2020-02-14 14:44:49
Кыкеңдер ушундай коркок, жер көздүгүнөн көтөрүлө албайбыз да. Баары калп айтып жатышканын кара "депутат билдирүү жасаган соң билдик" деп. Ошентип жүрүп тапканыңар талаага, мээнетиңер арам курсактарга кетип жүрүп эмнеге жетээр экенсиңер?! Окендердин кабинетине келсең "получение взятки до 15 лет", дача взятки до 12 лет лишения свободы" деп жазып койгон. Оюңа да келбейт акча алып баруу врачтарга. А кыкеңдердин врачтары өздөрү "5-10 тыйын таштап кет" деп отурат кай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан