Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкектеги СЭЗде (Эркин экономикалык зона) иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага алып кетишти, биз коркуп жатабыз" деп окурман кайрылган. Окуя тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Рыспек Сыдыгалиевге SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
- Эркин экономикалык зонада иштеген эки Кытай жаранынын дене табы көтөрүлгөндө ал жактагылар коркуп, Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Ал жерден жарандар текшерилип, дене табы түшкөн соң консультативдик эксперттик топтун уруксаты менен ооруканадан чыгарылган. Эки жаран тең Эркин экономикалык зона Бишкекке кеткен. Ал жакта алар дагы деле карантинде кармалып жатат. Мен өзүм барып, абал менен таанышып келдим. Алардын өздөрүнүн жатаканасы бар. Ошол жакта медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушат. 14 күн болгондон кийин гана жумушка чыгышат. Кооптонуп жаткан жарандарга айтарым, эч кандай кооптонбой койсоңуздар болот.
Эркин экономикалык зонанын басма сөз кызматчысы Кыялбек Эсеналиевдин айтымында, Кытай жарандары мурунку Ганси авиабазасы жакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин обсервациялык жайынан өтүп, карантинден чыгып келишкен.
"Эки Кытай жараны бизге мурунку Ганси авиабазасы жакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин обсервациялык жайынан өтүп, карантинден чыгып келишкен. Ошого карабай Эркин экономикалык зонанын өзүнүн обсервациялык жайына киргизилишкен. 10-февраль күнү экөөнүн дене табы жогору болгондуктан Саламаттыкты сактоо департаментине чалып, аларды чакырганбыз. Алар келип эки жаранды текшерип, изоляторго алып барып, ал жерден тесттерди өткөрүп, жообу терс болгон соң бизге жөнөтүштү. Эркин экономикалык зонада иштеген Кытай жарандары коронавируска кабылды деген кеп чындыкка да келбейт", - деди Кыялбек Эсеналиев.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди: "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган иш-аракет алгоритмине ылайык, Кыргыз өлкөсүнө келген бардык жарандар термометрия жана жогорку дем алуу органдарын изилдөө лабораториясынан өтүшөт. Ал жакта 3 күн керектүү лабораториялык анализдер жүргүзүлөт. Эгер эч кандай күмөн болбосо, анализдери жакшы чыкса, 3 күндөн кийин жашаган аймагында карантин убактысы бүткөнчө медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот".