"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен 91 миллионго чукул адам сакайды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 153 миллион 953 миң 421 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 90 миллион 566 миң 845 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 223 миң 436 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 5-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 510 миң 922 болду. 578 миң 407 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 20 миллион 282 миң 833 адамдан аныкталды. 222 миң 408 адам каза болсо, 16 миллион 613 миң 292 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 856 миң 888 адам вируска кабылган. 408 миң 622 бейтап көз жумса, 13 миллион 170 миң 561 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан