Бүгүн, 10-июнга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдети 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 224
Ош шаары – 80
Чүй облусу – 73
Ош облусу – 47
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 22
Жалал-Абад облусу – 27
Баткен облусу – 10
Жалпы өлкө боюнча 108 миң 667 адамдан илдет аныкталган. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 62 миң 314, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 46 миң 353.