Биз социалдык тармакта

Орусияда Кыргыз жараны толгоосу башталып калган өзүнүн кардарына жардам берди

Орусияда курьер болуп иштеген Кыргыз жараны Мирлан Жамалдинов толгоосу башталып калган өзүнүн кардарына жардам берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Мирлан Жамалдинов Москвада жеткирүү кызматында иштейт. Ал күндөгүдөй эле буйрутманы жеткирүү үчүн айтылган дарекке барганда кардар көпкө чейин чалууга жооп берген эмес. Ал акыры аталган кардардын үйүнө барууну туура көргөн.

"Эшикти кош бойлуу айым ачты. Ал буйрутманы алгандан кийин анын толгоосу башталып кетти. Мен аны төрөтканага алып барууну сунуштадым. Бирок ал макул болгон жок. "Тез жардам" чакыртып, алар келгенге чейин аялдын жанында болдум", - деген ал.

Көз жарган аял алгач ага жардам берген жаранды эстей алган эмес. Кийинчерээк жеткирүү кызматына байланышып, Мирлан Жамалдиновго ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
mirlanpiter
2020-02-16 14:57:38
Адамгерчиликтүү ушундай жердештерибиз көбөйө берсин,, Аллах ишиңе ийгилик берсин ука
+23
asdef
2020-02-16 15:01:44
Ушундай жакшы жагынарды коргозуп тургула
+20
bond02
2020-02-16 16:01:19
Аа жакшы, кошумча дагы бир кызмат уйго барып торогонго жардам берем де.
+6
taalay25
2020-02-16 16:06:10
bond02,ооа сени кутуп отурат орустар келсе тороймун деп
+15
Agayu
2020-02-16 16:30:49
Ушундай жакшы адамдардга молодец алга ,оо нагыз жигит деп суктанбай өзүбүз да алга , нагыз жигит жэ чыныгы адамдардан болойлу
+13
Baatirbek81
2020-02-16 17:00:44
Ошондо үйдөн төрөп салдыбы?
-2
Tolkun555
2020-02-16 18:39:29
Baatirbek81,салган жок тороп алды
0
expert.007
2020-02-16 19:11:28
Яндекс еда да иштейт экен да. Молодец коллега
+2
BoDiNur
2020-02-16 19:50:47
Курьерлердин куну тууп баштаптыр да
0
Gul.nad
2020-02-17 11:06:04
Жакшы жигит экен,ишинерге ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан