Бүгүн, 16-февралда теле алып баруучу Назгүл Кожокулова каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.
Маалыматка ылайык, алып баруучу көптөн бери ооруп жүргөн. Ал узакка созулган оорудан улам ооруканада каза болгон. Ал "Пирамида" жана "5-каналда" иштеген. Алып баруучунун артында кызы жана уулу калды.
Анын сөөгү эртең, 17-февралда Бишкек шаарында жерге берилет.
Ошондой эле алып баруучунун жакындарына учурда жардам керек.
ЭЛСОМ: 0550 522 116.
SUPER.KG порталы Назгүл Кожокулованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.