Биз социалдык тармакта

Эски-Оочу айылынын тургуну Махабат Ашрапова: "Бешкент айыл өкмөтүндө 7 пайыз гана кыргыз калдык"

Бүгүн, 17-февралда коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрү" аттуу коомдук-саясий талкуу өттү. Коомдук-саясий талкуу жыйынтыкталып жатканда Махабат Ашрапова аттуу жаран маанилүү сөзү бар экенин айтып, кээ бир көйгөйлөргө токтолду. Ал Баткен облусундагы Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылынын тургуну. Айтымында, ал жашаган жерлердин көпчүлүк бөлүгү башка улуттарга өтүп кеткен.

"Мен бүгүнкү жыйынга Лейлек районунан атайын келдим. Төрт балам жана биринчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошум бар. Азыр жолдошумду үйгө камап коюп келдим. Чынында бизде ичтен дагы, сырттан дагы жашаш кыйын болуп калды. Биз 2010-жылдан бери айыл өкмөт башчылардын туура эмес жана мыйзамсыз жасаган кадамдарына күбө болуп келдик.

Азыр Бешкент айыл өкмөтүндө 7 пайыз гана кыргыз калдык. Эмне дегенде, эл бүт кыйынчылыктарга кабылып, таркап кетишти. Ал жерде негизги элдин курамын өзбек жана тажик улутундагы калк түзөт. Алар жерлерди бош болсо дагы тууган-уруктарына ээлеп коюшкан. Булар эмне үчүн биздин жерди башкаларга берет. Ушул чындыкты айтканым үчүн мени токмоктоп, уруп салды. Айыл өкмөт башчы, айыл башчы, айылдык депутат көз көрүнөө алып чыгып, токмоктотуп, урдурган. Анын жыйынтыгында башымдан жаракат алдым. Үлүш жери, башка жерлери болсо дагы чек арага кол салып алышкан. "Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат" дейт. Бул маселени баарыңыздар билишиңиздер керек", - деди Махабат Ашрапова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tiken
2020-02-17 14:44:33
Биздин кайсы президентибиз элдин эсинде калат болду экен... Назарбаев бир чон шаарды негиздеп, онуктуруп койду. Бизде мамлекетти суйрой турганы чыга бекен. Башкалар мамлекетин куруп жатса бизде болсо ботон элге жерибизди кескилеп сатышса акыры кандай болот экен... Жээнбеков жок дегенде этно-кыргыздарды алып келип границаларга жайгаштырса болмок беле...
-1
murat17
2020-02-17 15:12:01
Tiken,ошол энто кыргыздарды давно эркелетип Чуйго алып барбай ушул жерлерге коюш керек болчу
-2
Jelezo
2020-02-17 20:42:10
murat17, жогорку экөөңөр деле барып жашасаңар болбойбу.
-2
ulan030484
2020-02-18 20:50:20
Шарт тузуп берсе Чуйго эмес кошуна айылга да кетпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан