Биз социалдык тармакта

Бишкекте айып пул төлөбөгөндөрдүн унаалары токтотмо жайга киргизиле баштады

Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары атайын токтотмо жайга алынып кете баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү патрулдук милиция кызматкерлери атайын рейд кылып, анда 4 миң 122 жол эрежесин бузган учур катталган. Анын ичинен 297 унаа айып короосуна токтотулса, 80 айдоочу унааны мас абалда башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Ал эми 26 айдоочу унаасынын терезесин караңгылатканы үчүн кармалса, 20 унаа атайын токтотмо жайга киргизилген.

Ошондой эле жол кыймылынын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочулар бир айдын ичинде айып пулун төлөбөсө, анда унаалар атайын токтотмо жайга алынып келе баштаарын эскертет.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rysik79
2020-02-17 17:00:38
туура эле го. тартип керек го.
+2
omurbek1990
2020-02-17 17:32:13
Чыга турган болуп калды
+1
anash
2020-02-17 18:27:53
Мага 5500келиптир мен номеримди текшерсем ошентип журот 5500 мен чугун ото коп акча бийлик кичне кыскартса болмок акмактар легенде башка соз жок????!
0
sirenaaaaa
2020-02-17 20:09:50
ОЗУ аран жашап жатканда ушул ашыкча эле болуп жатат. Карочи акчалуулар гана айдап, акчалуулар гана жашай турган убак келгендей
+1
guard
2020-02-18 03:02:56
Эрежени бузбай айдаса болот ко, туура эле,эрежени бузуп атса деле унчукпай коюу керекпи,камералар акчалуу же акчалуу эмес экенин билбейт да...
+2
aiba_00
2020-02-18 14:39:35
guard,Кээде кокустук болуп атайын бузбасан да тушуп калып атпайсынбы,карапайым элге кыйын эле болду. Шаарда парковка жок, Эптеп мир места тапсан да кайра келсен машина жок. парковканын баары бут жерде кымбаттады 50 сомдон кем эмес хотябы 20 га тушурсо болмок.
0
aiba_00
2020-02-18 14:42:35
карапайым элдин канын соруп бутушту, бюджетке тушкон акчаныбылтыйта жешет анан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан