Бүгүн, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунда тынчтык митинги өттү. Аталган митингге 500-700гө жакын жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Коомдук коопсуздукту камсыздоого Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери тартылды жана эч кандай тартип бузуулар катталган жок. Азыркы учурда абал тынч", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.