Биз социалдык тармакта

Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы эркек киши өз жанын кыйды

Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы эркек киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-февраль күнү саат 12:36да Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Чүй облустук оорукананын урология бөлүмүндө эркек киши өз жанын кыйганы айтылган.

Ыкчам топ окуя болгон жерге барып бычакталган жансыз денени табышкан. Ал 1974-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан