Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

18-февралдан 21-февралга чейин жааган жана алдыда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош унаа жолу (Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолдорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолу жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан