Биз социалдык тармакта

Эскертүү! 20-февралдан баштап "Кордай" жана "Ак-Жол" өткөрмө жайлары жабылат

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" жана "Кордай" көзөмөл-өткөрүү жайлары 20-февралда ремонт иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Мындай маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеме айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө алдын ала альтернативдүү жолду тандап, Казакстандын аймагына кирүү үчүн башка көзөмөл-өткөрмө жайларын сунуштайт. Транспорт каражаттары жана жүргүнчүлөр "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок", "Чалдыбар" унаа жолу, "Кайыңды" темир жолу өткөрмө жайлары аркылуу өтсө болорун кошумчалашты аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан