Биз социалдык тармакта

Өзбекстанга мыйзамсыз өткөн 13 Кыргыз жараны Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып берилди

19-февраль күнү Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 13 Кыргыз жараны Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"19-февраль күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чекелик аймагында өзбек чек арачылары Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 13 Кыргыз жаранын кармашкан. Териштирүү учурунда алар билбей Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстандын аймагына өтүп кетишкени аныкталган. Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 13 Кыргыз жараны мекенине өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2020-02-19 16:34:57
Мал оттоп жүрүп байкабай Өзбекстанга кирип кетип анан чек арачылар кайтарып беришет го,ошондой болуптур да.
-1
abusait
2020-02-19 17:24:45
Чек ара маселеси ото кыйнадыго бизди. Озбектер менен Тажиктер жанга тийдиго
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан