Бишкекке электр энергиясы менен жүрүүчү 350 автобус алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Шаардын мэри Азиз Суракматов электр энергия менен жүрүүчү автобустарды алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен көп орундуу 350 автобус алуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү. Автобустар боюнча долбоордун жалпы суммасы 50 миллион долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.