Учурда абакта жаткан мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткенин уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Анда Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткени жазылган.
Буга байланыштуу УКМК "Атамбаевдин абалы учурда туруктуу" деп жооп узатты. "Дарыгерлер күнү-түнү карап жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин УКМКга байланышканыбызда алар маалыматты эртең бере тургандыгын айтышкан.