Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды. Бул боюнча бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Жалпы 110 депутат катталып, "макул" деп 103 депутат добуш берди. Комиссиянын мөөнөтү 21-мартка чейин узартылды.
21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.