Биз социалдык тармакта

"Кудаймын" деген сөзү боюнча Арстан Алайга карата ачылган кылмыш иши токтотулду

Коомдук ишмер Арстан Алайга карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине ылайык, иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлардын негизинде Арстан Алайдын иши токтотулду. Тагыраагы, берененин 2-пунктунда жазылгандай жарандын "жосундарында кылмыштын курамы же жоруктун курамы" болгон эмес. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен өндүрүш ишин жаптык", - дешти маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, буга чейин 2019-жылы Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда Биринчи Май РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
filis
2020-02-21 12:21:37
Кудаймын - деп койгону учун ар бирин камай берсе эмне болот. Азыр чириген создор менен ашата согунуп жаткандарын деле журушот. Ага караганда Кудаймын деп озун айткандар женил.
-6
AykaMer
2020-02-21 12:22:56
Сотту сыйкырлап койсо керек да)))... Энергия жөнөтүп...
+9
Bars88
2020-02-21 12:42:00
Бул кудай жакында Кыргызстанда кытайдын карызынан кутултат.Дагы кичине кыйнасын кытайларды кечип ийишет карызын
+3
AykaMer
2020-02-22 09:49:31
Bars88,Кытайларга азыр акча керек болуп турган чагы,алар карыз берет эмес,карыз алат данный момент....)))
0
Tiken
2020-02-21 14:18:21
Даа, кыргыздардын тышкы карызынан куткарып жиберсе вообще эле супер болот го ээ.
0
chake
2020-02-21 14:42:20
Мастан жинди качып кутулуптур болуптур го бул жагы, сен куда кудагыйсын да Арыстан, бир аз мас болуп байкабай айтып алган сыяктуудай сезилет сенин Кудаймын деген сөзүң
+2
Wibee
2020-02-21 16:44:08
Арыстанды Алай деген атты кошуп алганы үчүн соттош керек
-1
Aimani
2020-02-21 18:59:18
Иш козголгону эле кулкунучтуу болчу ушул кишиге
+3
iryi1
2020-02-21 22:15:53
Бейишке чыгасынар, бейиш бар - деп жаштарды азгырып жаткан сакалчандарга да чара колдонгула. Болбосо бейиш бул эч кандай фактысы жок тушунук.
-4
faraon312
2020-02-22 01:06:47
Кудай болсо эмнеге НПОлордон акча сурап жүрөт деп жатышты эле...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан