Биз социалдык тармакта

Эрежесиз мушташка түшкөн ак жоолукчан келиндер сынга кабылды (видео)

"Бул эмне деген жапайычылык? Кыргыздын кыз-келиндери качан ушундай кылчу эле?!" мындай пикир эрежесиз мушташка түшүп, күрөшүп жаткан келиндерге карата айтылган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, дароо талкуу жараткан.

Колдонуучулар келиндердин күрөшкөнүн катуу сынга алган.

Видеодо топтолгон элдин ортосунда күрөшүп жаткан келиндерди көрүүгө болот. Эл аларды сүрөөнгө алып жатканы угулат. Акырында мушкерлер арасында пикир келишпестик жаралып, аларды эркек кишилер арачалап калган. Окуя өлкөнүн кайсы аймагында орун алганы белгисиз.

Эрежесиз мушташка түшкөн келиндер сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kairat1996
2020-02-21 22:13:17
Курошсо курошуптур анын эмнеси уят экен. Ушинтип кыргыздар аял кишиге ар кайсы тараптан басым кылганды токтоткулачы. Айсулуу Тыныбеков, Шевченко сыяктуу балбандар деле курошуп балбан болуп журушот. Аялдарды динге, салтка такап эле басынта берсенер бизден Айсулууга окшогон балбан кыздар эч качан чыкпайт.
-2
kuttubekuzgen
2020-02-21 23:41:37
Kairat1996,сен видеону кордунбу? Эч ким курошпо деген жок бул жерде, курош буткондон кийин экоо мушташып кетишпедиби, ошону соз кылып жатышат бул жерде.
+3
Baktyluumun98
2020-02-22 00:12:31
Kairat1996,туура+++++
+3
Shabi
2020-02-22 02:10:01
Kairat1996,Буларды Тыныбекова, Шевченколор менен салыштырганда,асман менен жер.
+7
Tynar1213
2020-02-22 19:36:34
Kairat1996,сен манкурт салт санааны кайдан билмек элең
0
iryi1
2020-02-21 22:17:40
Жараткан Тенирим кыргызымдын кыздарына куч кубат берсин. Курошкуло, ойногула, эркектен кем калбагыла.
-17
Muslim.azamatovich
2020-02-21 23:22:21
Курошсо жоолуктарын чечип ,рингке чыгып курошушсунда
+3
murat17
2020-02-22 00:01:58
негизи аял затын Жаратканым жумшак, мээримдуу назик кылып жараткан ошондуктан курош мушташ согуш эркектерге гана ылайыктуу
+5
arimaz89
2020-02-22 13:58:34
murat17,Эркектерге ылайыктуу болсо, эмне үчүн Айсулуу Тыныбекова, Шекченко жараткан ийгиликтерди эркек сөрөйлөр жарата албай жатат? Кургак чөп менен эле оозуңарды сүргөндү жакшы көрөсүңөр...
0
murat17
2020-02-24 20:19:48
arimaz89,анда сен дагы мушташ
0
aslan_akjol89
2020-02-22 00:57:10
Жыгып койгон келиндин кайын атасы келинин атайын той аштарда аял курошко чыгарып жургон.Жыгылган келиндин цепочкасы узулуп кетип ошого пикир келишпестик болуп кеткен.Кайсы жерде болгону сыр боюнча калсын.
+1
Aikaaaa
2020-02-22 08:29:44
aslan_akjol89,кечиресиз, дагы ушул жерде жапайычылык, келинин кайын атасы чыгарып жүргөн, негизи мындай сөз жаныбарларга тиешелүү, күчтүү итин ит согушка, күлүк атын ат чабышка дегендей да. Айла жок экен да
+2
ZHYRGAL.balalaika
2020-02-22 03:06:10
Өтө эле уят ,ошол жерден бирөө чыккан жокбу таң калам.Бул кылганыңар уят иш болуптур .Кыргыз аял затынын намыс арын булгабагыла.
+4
Saliman
2020-02-22 09:14:18
Жапайычылык.ары жакта АК сакалын жайкалтып АК сакалдар карап отурушат уят уят келиндер.жоолугун чечип, спортивный кийинип курошсо Бир жон.
+6
Samatalibei
2020-02-22 11:22:18
Ошол жердин эркектерине наалат болсун! Намыстуу эркектер болгондо мындай окуя болмок эмес!
+4
portugalia
2020-02-22 12:42:46
Аксакалдары коруп отурушат
+2
faraon312
2020-02-22 13:54:34
Негизи эркектер айымдардын назиктигин, наздуулугун жактырабыз да. Табият мыйзамы ушундай. Анан жоолугу менен далдалаңдап күрөшүп жүрсө көзгө комсоо көрүнөт. Анан албетте Айсулуу башка кеп, бул айымдар башка кеп. Эгер табиятынан балбан айымдар болсо ыгы менен болот да баары. Жаштайынан спорт менен алектенип дегендей. Анан жөн эле алга деп койсо көпчүлүктө минтип чыга калып күрөшкөн болбойт, эй, койгула))
0
kelemdedin
2020-02-22 14:57:59
Кызык булардын куйоолору каякты карап журушот ушунча эркектин алдына каратып коюп тооба кылдым Кудай сактасын.
+1
Jamilya
2020-02-22 16:09:45
Курошко чыккан келиндерге да ошол жерде экоону куроштуруп карап турган эркектерге да жараткан ыйман берсин.
+1
Mamiev
2020-02-22 21:58:30
Ошол жер таягын кармап кач эле кач тозбо деп аксакалдар олтурат. Өздөрү кой уят чыгарбагыла дебейби.А бул келиндердин куйолору бар болсо керек алар кантип макул болду....
-1
pero5184
2020-02-23 00:05:43
Кыз куумайды укчу элем ,кыз күрөштү укбапмын
-1
aikokul14
2020-02-23 00:48:48
Аял аялдай болуп эле жүргөнү жакшы.Күрөшкүсү келсе спорттук кийим кийип биротоло чыкса жакшы,жоолук,көйнөгү менен чыгып албай.Чоң эле аксакалдар отурат,койгула ушул кантип болсун деп токтотуп койбогуну таң.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан