Кыргыз-Кытай чек арасындагы абал учурда туруктуу. Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү жайлары тагыраак айтканда, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттары учурда жабык.
Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев коронавируска байланыштуу маалымат жыйын учурунда айтты. Айтымында, коронавируска байланыштуу Манас-Үрүмчү аба жолдору дагы убактылуу жабылган.
"Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайларында Саламаттыкты сактоо министрлигинин түзгөн алгоритми боюнча жумуштарды жүргүзүп жатышат. 28-январдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек арадан 876 Кыргыз жараны өттү. Алардын көбү Кытай мамлекетинде окуган кыргыз студенттери. Ал эми калгандары акыркы эки айда аталган өлкөгө кандайдыр бир жумуштары менен барган жарандар.
Мындан тышкары 363 киши Кытай жараны болуп саналат. Алар үчүнчү мамлекеттен биздин өлкөгө кирген жарандар. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мурунтан иштеп жүргөн жана Жаңы жылга байланыштуу үйлөрүнө чыгып кеткен Кытай жарандары. Бүгүнкү күндө алар кайра Кыргыз өлкөсүндөгү жумушуна келишкен", - деп билдирди Алимбаев.