Бүгүн, 27-апрелде Казакстан аркылуу 10 Кыргыз жараны Ооганстандын Кабул шаарынан мекенине алынып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен кызматташууда бул маселени чечти. 10 жаран ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке алып келинип, баары обсервацияга жаткырылды", - деп жазылат маалыматта.